Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрага үчүнчү мамлекет аркылуу келген жарандарды текшерүүдөн өтүүсүн суранды

12.03.2020 11:30
1157
Төрага үчүнчү мамлекет аркылуу келген жарандарды текшерүүдөн өтүүсүн суранды


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков үчүнчү мамлекет аркылуу учуп келген кыргыз жарандарын дарыгерлерге кайрылып, текшерүүдөн өтүүсүн талап кылды.


Спикер бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдиргендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканын айтып, пандемияга айланганын эскертти. 


"Азыр дүйнө жүзү катуу иштерди жүргүзүп жатат. Биздин өкмөт да күчөтүлгөн тартипте өз аракеттерин көрүп жатат. Мен кыргыз элине кайрылып кетейин, үчүнчү мамлекет аркылуу учуп келген жарандар дарыгерлерге өздөрү кайрылып, текшерүүдөн өтүп ден соолугуна өздөрү кам көрүшө жакшы болот эле. Ошондо жугуштуу оорудан сактануу кыйла жогору болот", - деди Д.Жумабеков. 


Анын айтымында, учурда эпидемия курч болуп жаткан өлкөлөр менен каттам жок. 


"Кечээ фейсбуктан бирөө үйүнө отуруп алып жазып жатат, мени аэропорттон өткөрүп ийишти, текшербей жатат деп. Антпей дарыгерге  келип текшерүүдөн өтүңүздөр", - деп суранды ал.


Ошондой эле төрага коронавирус Кыргызстанга келбей өтүп кетет, деген ишеничте экенин кошумчалады. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн