Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Төрагалар кеңеши Мукар Чолпонбаевдин жакындарына көңүл айтты

24.05.2020 22:38
1267
Төрагалар кеңеши Мукар Чолпонбаевдин жакындарына көңүл  айтты


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев 24-майда Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында түшкө маал көз жумду. Анын өлүмүнө коронавирус себеп болгону айтылууда. Республикалык штабдын билдиргенине караганда, СOVID-19дун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңеши М.Чолпонбаевдин жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшкөн. Биз аталган көңүл айтууну өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:


- Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү коомдук–саясий ишмер Мукар Чолпонбаев 70 жашында дүйнө салды. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешенин мурдагы төрагасы Чолпонбаев Мукар Шалтакович 1950-жылы 29-март күнү Ысык-Көл дубанына караштуу Ысык-Көл аймагынын Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетин, Ташкент башкаруу жана политология институтун аяктаган соң, 1976-жылдан 1984-жылга чейин Фрунзе шаарындагы 1-Май районунун прокуратурасында тергөөчү, Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп эмгектенген. 1984-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы болгон. 1991-93-жылдар аралыгында Чүй обусунун юстиция башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчысы кызматтын аркалаган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын юстиция министри болгон. Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, жаштарга акыл-насаатын айттып, И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы болуп эмгектенүү менен бирге жаштарга дарс окуган.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана кыргыз тарыхында «Легендарлуу парламент» деген ат менен калган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты болгон. Өзүнүн толеранттуу жүрүш-турушу, кызыкчылыктардын компромиссине баруу аркылуу адамдарды бириктирип, ынтымакка чакыргандыгы менен кесиптештеринин арасында бийик кадыр-баркка ээ болгон.

Ал 2005-жылы «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин бири эле.

Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев жогорку окуу жайлар үчүн “Гражданское право”, “Право интеллектуальной собственности”, “Законодательство о дисциплине труда” окуу китептерин жазган. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору.

Мукар Шалтаковичтин өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер катары анын ысымы элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат. Анткени, ал өмүрүн өлкөнүн жана өз элинин кызыкчылыгына кызмат өтөөгө арнап, көп жылдык талыкпас жана жаратман эмгек жасады.

Мукар Чолпонбаев ишенимдүү кесиптеш, даанышман жетекчи, боорукер жана жоопкерчиликтүү инсан болгон. Турмуштук тажрыйбасынын молдугу, акылмандыгы, кесипкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Биз бүгүн жөн эле инсандан эмес, кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, зирек саясатчыдан айрылып отурабыз.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңеши:

Ш.Шеримкулов

А.М.Матубраимов

А.Э.Эркебаев

А.А.Бѳрүбаев

И.Д.Кадырбеков

М.О.Мукашев

М.А.Султанов

А.С.Тагаев

З.К.Курманов

И.А.Масалиев

А.К.Келдибеков

А.Ш.Жээнбеков

Ч.А.Турсунбеков

Д.А.Жумабеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн