Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Төраганын, вице-спикерлердин бир айлык маянасы канча?

09.07.2020 13:11
1076
Төраганын, вице-спикерлердин бир айлык маянасы канча?



Жогорку Кеңештин төрагасынын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу “Ар бир депутат эмгек өргүүсү үчүн 200 миң сомдон алышты” деген маалыматты төгүндөп жатып билдирди.

 


Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

 

Нуракун уулу кошумчалагандай, төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, "Кыргызстан" фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн