2025-жылы айыл чарба тармагында бир катар рекорддук көрсөткүчтөр катталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сузак районунда Фермерлерди тейлөө борборунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун жыйынтыгында быйыл дыйкан-фермерлер айыл чарба жаатында бир катар ресупбликалык жана дүйнөлүк рекорддук көрсөткүчтөр көрсөтүштү.
Алсак:
- Жайыл районунда гектарынан 120 тонна помидор алынды — бул дүйнөлүк рекорд;
- Лейлекте гектарынан 113 тонна пияз түшүмү жыйналды;
- Манас районундагы дыйкандар гектарынан 120 тоннага чейин болгар калемпирин өндүрдү;
- Кочкордо картөшкөдөн гектарына 30 – 35 тонна түшүм алынды;
- Ак-Талаада фермердик чарба “Ангус” породасы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишти – 10 айлык торпогу 100 миң сомдон сатылат, эң чоң букасы 1,5 тоннага жетет экен.
Ошол эле учурда Бакыт Төрөбаев чогулгандарга Кыргызстандын айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында артыкчылыктуу багыттар аныкталгандыгын белгиледи.
- Санариптик платформа – Фермерди тейлөө борборлору –айыл чарбасында санариптик жаңы этапты жарыяланды. Ал тез арада санарип-платформа жана Фермерди тейлөө борборлорунун бирдиктүү системасын түзүү менен ар бир дыйкан-фермердин билимге, рынокторго жана финансы булактарына жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. Бул багыт коррупциялык көрүнүштөрдү жана бюрократияны жоёт.
- “Акылдуу” ирригация системасын колдонуу– сууну үнөмдөө максатында башкарылган ресурстардын катарына киргизүү – суунун так эсебин алып, ал эл үчүн туруктуу жана адилеттүү бөлүштүрүүгө жол ачат.
- Айыл чарба чийки заттарын кайра иштетүү – ишканаларды заманбап жабдуулар жана жетиштүү көлөмдөгү чийки зат менен камсыздоо. Натыйжада кошумча нарк түзүлүп, эл аралык сапат стандарттарынын негизинде дүйнөлүк рынокто атаандаштыкты күчөйт.
- “Талаадан – дүйнөгө” – экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн, бириккен, кооперацияланган чарбалар, логистика, сублимация (заморозка) жана “жашыл” бренд менен Кыргызстандын айыл чарбасын глобалдык рынокко чыгаруу болуп эсептелет.
"Бул артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу менен Кыргызстандын айыл чарбасы экспортко, атаандаштыкка жана инновацияларга жөндөмдүү тармакка айланат.
Эң негизгиси — дыйкан менен фермердин кирешеси көбөйүп, айыл жергесинде жашоо деңгээли кыйла жакшырат", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн