Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолугушту

02.03.2023 14:45
273
Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолугушту

Азербайжанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Орхан Маммадов менен жолукту.


Тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2022-жылы жетишилген эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.


Мында тараптар Азербайжандын алдыңкы компаниялары менен пландаштырылган жолугушууну канааттануу менен белгилешти.


Жолугушуунун жыйынтыгында ар кандай форматтагы иштиктүү жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.


Белгилей кетсек, Азербайжанга болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кошулбоо кыймылынын” саммитине катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн