Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү

17.01.2023 12:35
288
Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүктүн кору жетиштүү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып, “Бүгүнкү күнгө карата дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекердин кору тиешелүү деңгээлде жыйналып, өлкөнүн социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишээрлик”, - деп билдирди.


2022-жылы 354,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3% түздү.


Ал эми 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 156,2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,2%га өстү.


2022-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн