Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрөбаев Кытайдын бир катар компанияларынын жетекчилери менен жолукту

26.09.2023 10:14
216
Төрөбаев Кытайдын бир катар компанияларынын жетекчилери менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын бир катар компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Анда Бакыт Төрөбаев “China Gezhouba Group International Engineering Co.Ltd.” компаниясынын президенти Чжан Цзюнь, “Cоfco” компаниясынын төрагасы Цзюнь Лю, Кытай эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Дэн Боцин баш болгон өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Маселен, “China Gezhouba Group International Engineering Co.Ltd.” компаниясы "дүйнөдөгү 250 ири подрядчик" рейтингине кирип, 4000ден ашуун инженердик долбоорлорду иштеп чыккан. Ал суу чарбасы, гидроэнергетика, жылуулук энергетикасы, жаңы энергетика, автомобиль жана темир жолдорду, аэропортторду, портторду жана турак жайларды куруу тармактарында ийгиликтүү иш алып барат.

“Cоfco” компаниясы болсо Кытайдын эң ири азык-түлүк өндүрүүчүсү жана дан трейдери. 

Жогоруда аталган компаниялар менен жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун алгылыктуу багыттары талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү ишкананын жумушу жана экономиканын ар кыл тармактарында алдыңкы технологияларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Ал эми Кытай эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен жолугушууда Кытай Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу, эки тараптуу финансылык-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды. 

Суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кытай тарап менен активдүү кызматташууга, инвестициялык долбоорду биргелешип ишке ашыруу үчүн алдын ала макулдашууга жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн