Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрөбаев: "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү шарты жөнөкөйлөштүрүлдү

01.02.2024 16:36
217
Төрөбаев: "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү шарты жөнөкөйлөштүрүлдү


"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү шарты жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул туурасында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.


"Бул долбоор эми күйүүчү май, үрөн алуу маселесин ыкчам чече турган насыя болот. 150 миңден 500 миң сомго чейин күрөөсүз берилет. Биз алуучулардын санын эки эсе көбөйткөнгө аракет жасадык. Былтыр 8 000 адам алган болсо, быйыл 20 миңге чейин жеткирели деп жатабыз. "Айыл банк" менен "РСК банкка" айттык, былтыр кезекке тургандарды алып салып, жаңы адамдарды коёсуңар деп айттык. Буга чейин албаган адамдар болушу керек", — деди Төрөбаев.


Ошондой эле ал айыл чарба техникалары да 6 пайыздык коюм менен 7 жылга лизингге берилерин кошумчалады.


Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 12" долбооруна 7 миллиард сом каралган, ал дыйкан-фермерлерге 12 пайыздык үстөк менен берилет. Бул сумма былтыркыга карганда 4 миллиард сомго көп.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн