Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Төрөбаев жазгы айдоо иштерине даярдык тууралуу маалымат берди

15.02.2024 11:59
375
Төрөбаев жазгы айдоо иштерине даярдык тууралуу маалымат берди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 15-февралда маалымат жыйын курду. Ал жазгы айдоо иштерине даярдык, мал чарбачылыгында аткарылуучу иштер, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Төрөбаевдин сөзүнө караганда, учурда жазгы айдоо иштерин жүргүзүүгө күйүүчү май жетиштүү көлөмдө бар.

"Күйүүчү май менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен кол коюлду. Дыйкандар себе турган үрөндү, көчөттөрдүн да баасын, сапатын тескеп, көзөмөлдөйбүз. Сапаттуу, таза гана көчөттөр эгилет, бул багытта жумушчу топ түзүлдү", - деди Төрөбаев.

Министр мындан тышкары жер-жерлерде муниципалдык мал базарларын ачуу боюнча акимдерге буйрук берилгенин, талапка жооп бербеген мал базарлар жабыларын кошумчалады. Эпизоотикалык кырдаалды жакшыртуу үчүн чаралар көрүлөрүн, ветеринардык дарыгерлер ар бир айылда болорун, тоют өндүрүүгө басым жасаларын билдирди.

Бир типтүү түшүмдүн көлөмүн көбөйтүү максатында үлүш жерлерди кооперативдерге бириктирүү аракети көрүлөрүн кошумчалады.

Бакыт Төрөбаевдин маалыматына караганда, быйылкы жылы суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттуу план түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн