Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Төрөбай Зулпукаров: “Балдардын асыл тилектери эртеңки күнгө болгон үмүтүбүздү өчүрбөй келет”

01.06.2020 11:51
1123
Төрөбай Зулпукаров: “Балдардын асыл тилектери эртеңки күнгө болгон үмүтүбүздү өчүрбөй келет”


Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнү менен жаш жеткинчектерди куттуктады. Эл өкүлү балдарды мамлекет, ата-энелер ар дайым камсыз кылышы керектигин баса белгилеген.  


“Балалык курак ар бир адам үчүн алдыга койгон асыл тилек, аруу максаттардын мезгили. Балдардын ошол асыл тилектери, тазалыкка ташып турган дүйнөсү бизге ар дайым дем-күч берип, эртеңки күнгө болгон үмүтүбүздү өчүрбөй келет. Ошондуктан мамлекеттин, ата-энелердин балдарга болгон камкордугу бүгүн гана эмес, ар дайым камсыздалып турууга тийиш. Өлкө башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шарипович 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялап, анын негизинде жыл башынан бери балдарды колдоо багытындагы белгиленген иштер аткарылып келүүдө”, - деп айтылат депутаттын куттуктоосунда.


 Ошондой эле Зупукаров балдарга узун өмүр, бекем ден соолук, кең келечек каалаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн