Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров социалдык жактан аялуу үй-бүлөөлөргө жардам берүүсүн улантууда. Бул тууралуу СДПК партиясы социалдк тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төш-Дөбө, Байтик айыл өкмөттөрүндөгү 230 үй-бүлөгө ун, шекер, күрүч, май жана макарон таратылган.
Ошондой эле жардам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Ноокат районундагы 500 үй-бүлөгө да берилген.
Ал эми, жардам жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн тизменин негизинде таратылганы айтылат.
Эске салсак, эл өкүлү буга чейин Ош облусунун Ноокат районуна аялуу делген үй-бүлөөлөргө ун жана суу майларды берген болчу.
Пикирлер (1)