Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Төрөбай Зулпукаров: Дарыгерлердин эмгегин терең баалап, алкыш айтууга милдеттүүбүз

05.07.2020 14:24
1477
Төрөбай Зулпукаров: Дарыгерлердин эмгегин терең баалап, алкыш айтууга милдеттүүбүз


Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров медицина кызматкерлерини кесиптик майрамы менен куттуктады. Эл өкүлү дарыгерлердин учурдагы аракетин жогору баалап, аларга терең ыраазычылыгын билдирген. “Сиздер  улуттун саламаттыгы үчүн баа жеткис милдетти алган зор кесиптин ээсисиздер. Ошондуктан өлкөбүздүн негизги байлыгы болгон элдин саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Учурда дүйнө элин тынчсыздандырып жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүүдө да эбегейсиз эмгек жасап жатасыздар. Ошондуктан абалдан чыгуу жана ар бир Кыргыз жараны саламат болуусу үчүн сиздердин жасап жаткан эмгегиңиздер баа жеткис. Өкүнүчтүүсү бир катар дарыгерлерибиз жарандарыбыздын  өмүрү үчүн болгон күрөштө өздөрү да оору жуктуруп алууда. Ошого да карабай өз милдетиңиздерди так аткарып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - дейт Зулпукаров.


Ошондой эле депутат дарыгерлердин кесиптик майрамы шаңдуу белгилениши керектигин, тилекке каршы азыркы шарт ага жол бербегенин өкүнүү менен билдирген. “Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар мамлекеттеги маанилүү күн катары шаңдуу белгиленүүгө тийиш болчу. Бирок азыркы шарттан улам андай болбой отурат. Ошентсе да бүт баарыбыз сиздердин эмгегиңиздерди терең баалап, алкыш айтууга милдеттүүбүз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө амандык болсун. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы, Жараткандын колдоосу менен коронавирус илдетин жеңип чыгаарыбызга терең ишенем!”, - дейт Төрөбай Зулпукаров өз куттуктоосунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн