Буга чейин айрым маалымат каражаттары Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө бергенин жазып чыккан. Бул боюнча Т.Зулпукаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Анда ал мындай маалыматка эч кандай негиз жок экенин айткан.
“Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Анткени, эч кандай негиз жок. Ал эми Дыйканбаев 7 миллион сом алган деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцсеттерден окуп билдим”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн