Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ноокатта 5 миң адамга ооз ачарга азык-түлүк таркатылды (фото)

01.05.2020 22:01
2572
Ноокатта 5 миң адамга ооз ачарга азык-түлүк таркатылды (фото)


Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Ноокатта жердештери менен биргеликте 5 миң адамга ооз ачарга азык-түлүк таркатты. Бул тууралуу Ташбү Жамиловна аттуу фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.  


Ага ылайык, парламент депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович,  ишкерлер Каримов Тариел жана Закиров Шавкаттар менен биргеликте 5 миң адамга ооз ачарга азык-түлүк таркаткан.   


"Орозодо бир адамга ооз ачыруу канчалаган сооп алып келет. Ноокат району боюнча 5000 адамга ифтарга азык-түлүк таркаткан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго, мигрант болуп жүргөн жеке ишкер Шавкат Закировго, Кыргыз-Ата айылынын кулунуТариэл Каримовго элдин берген батасы кабыл болсун. Силер бирди берсеңер, Кудай силерге миңди берсин. Жараткан чексиз жакшылыкты, узун өмүрдү, кетпес дөөлөттү, кең пейилди алып келсин. Ишиңерге ийгиликтүү болуп, жашооңорго жакшылыктар ыроолосун. Тараткан сообуңарды Кудайым кабыл кылсын. Үй-бүлөңөр, тууган-урук, журтунар менен аман болгула. Кудайдан эмне тилесеңер ченебей чексиз берсин. Жолунарды ачык кылсын. Силердей уулду тарбиялаган ата-энеңерге ыраазычылык билдиребиз", - деп жазган фейсбук колдонуучусу.  

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Нурбек ирмак
Аллахыма шугур ушундай инсандар коп болсун.Торобай агабызга Аллахым ыразы болсун уйно береке берсин !!!!
Нурлан
Аллах ыразы болсун!!!
Мурзалиев Чынгыз
Аллах раазы болсун
Бообеков Медер
Алла ыраазы болсун