Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төрөбай Зулпукаров: Жалган жалаага көңүл бурууну туура эмес деп эсептейм

03.11.2020 14:52
679
Төрөбай Зулпукаров: Жалган жалаага көңүл бурууну туура эмес деп эсептейм


Айрым массалык маалымат каражаттарында менин дарегиме айтылып жаткан жалган, такталбаган маалыматтарга жооп берип коеюн.


Биринчиден, туура, шайлоо кампаниясы каржы маселесисиз өтпөйт. Бирок бизде шайлоо учурунда каржы маселесине аралашканга менде мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес. Мен көпчүлүк учурда уюштуруу маселеси менен алектендим. Шайлоо учурунда жалпы Кыргызстанда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, дээрлик Бишкекте болгонум жок.  Талапкерлер партиянын жалпы чыгымдарын төлөөдө ар бири өз мойнуна алган. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүп, алардын отчету БШКга толук берилген. Экинчиден, биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнүн бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок. 


Саясий заказ аткарып жаткандарды мен туура түшүнөм. Ар бир жалган жалаага көңүл бурууну туура эмес деп эсептейм. Актануунун кажети деле жок. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, амандык тилеймин!


Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн