Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Төрөбай Зулпукаров абактан кат жазды

09.06.2021 19:14
1391
Төрөбай Зулпукаров абактан кат жазды


Жогорку Кеңештин депутаты УКМКнын абагынан кат жазды. Бул тууралуу саясатчынын тарапташы Жамалдин Парманкулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.


Текст өзгөртүүсүз берилет:

"Ассалому Алейкум Урматтуу элим.

Акыркы күндөрү мага коюлуп жаткан айыптар боюнча сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Мен 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊештин депутаты болдум. Өзүмдүн элиме, мен депутаттыка койгон Ноокат районундагы шайлоочуларыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Мен 10 жылдан ашуун депутат болуп иштегениме өкүнбөймүн. Негизги депутаттын милдетттерин так аткарууга аракет кылдым. Мыйзам чыгарууда жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө менин ишмердүүлүгүмө жалпы кыргыз эли күбө. Ошондой эл өкүлүнүн милдетин аткарууда, бир канча мечиттерди, медреселерди, мектептерди, бала-бакчаларды, ФАПтарды бюджеттен, кайрымдуулук фонддор, ашар жолу менен жана бир туугандарым менен куруп бердик.

Кайрымдуулук фонддордун иштөө багытын, социалдык объекттерге өзгөчө көӊүл буруу үчүн бурдук. Катар, Сауд Арабия Королдугу, Араб Эмираттарында жана Марокко, Кувейт мамлекеттеринде болуп кайрымдуулук фонддору менен тыгыз байланышта жалпы мамлекетибизде курулуп жаткан социалдык объектилердин курулушуна себепчи болдук. Бул жумуштардын баары элге жагынуу багытында эмес, Жараткандын ыраазычылыгын издеп жасадык десем жаӊылышпаймын. Ушул иштердин бирөөсү Жараткандын алдында кабыл болуп калса мен үчүн, менин акыретим үчүн, өтүп кеткен ата-энем үчүн эӊ чоӊ ийгилик.
Мыйзам чыгарууда кээ бир тармактарга өзгөчө көӊүл буруп, көп эле душман ашырыптырмын. Ар түрдүү коркутуу, соцсеттер аркылуу жалган жалаалар дайыма мага карата катуу болду. Мен баарын Кудайга койдум! Башка саясатчыларга окшоп бир да журналистке жамандап бирөөдөн заказ кылганым жок. Фейк аккаунт ачып бирөөлөрдүн акылына киргим келген жок. Анткени акырет бар экенине ишенип, Жараткандын каарынан корком. Бул дүйнө түбөлүктүү эмес экенине толук ишенем. Өзүмдүн баракчамда дайыма позитив маалыматтарга эле орун берем. Бирок акыркы мага коюлуп жаткан айыптарды карап туруп таӊ калдым. «Кумтөр» ишканасы боюнча бир да тиешем жок. Мен Кумтөрдө иштеген кызматкерлерди тааныбаймын. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле.

Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы. Жалган жалаанын өмүрү кыска, аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык.

Менин ишим боюнча каралып, чечим чыгарып жаткан тиешелүү адамдарга ыйман, адилеттүүлүктү Жараткандын алдында тилеймин.

Чек ара, тышкы саясат, бюджеттин тартыштыгы болуп жаткан азыркы учурда мыйзамдуулукту сактап, бир муштумдай биригип кырдаалдан чыгуу керек.

Мамлекетибиз тынчтыкта, элибиз амандыкта болсун!

Төрөбай Зулпукаров".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн