Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 15:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Төрөбай Зулпукаров аймакты экономикалык өнүктүрүү макулдашуусуна каршы чыккандарга ачууланды

16.04.2020 09:17
964
Төрөбай Зулпукаров аймакты экономикалык өнүктүрүү макулдашуусуна каршы чыккандарга ачууланды



Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети кечээ, 15-апрелде Ош облусундагы жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы эки тараптуу финансалык макулдашуу долбоорун карады.

 


Макулдашуу долбоору Ош облусун өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында аймактык өнүгүүгө, айыл чарбасына өнүктүрүүгө, Ош шаарынын инфратүзүмүн жакшыртууга чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү каралган. Аны менен туризмди өнүктүрүү үчүн табигый эс алуу жайларын өнүктүрүү камтылган. Макулдашууга ылайык Дүйнөлүк банк 60 миллион доллар берет. Анын 30 миллиону насыя, 30 миллиону грант.

 


Баяндамачылар макулдашууга каршы чыгып жаткан айрым эл өкүлдөрүнүн суроолоруна канааттандырарлык жооп бере алышкан жок.

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин V-чакырылышындагы депутаттар популизмге алдырганынын кесепетинен Кыргызстанга курулат деген биолаборатория курулбай калганын, азыр көздөн учуп отурганын эске салды.

 


Маселе 60 миллион долларда болуп жатканын баса белгиледи. “60 миллион доллардын 30 миллиону грант, 30 миллиону насыя. Акча өздөрү кайтарып бере ала турган жерлерге берилип жатат. Эмнеге жооп бере албай отурасыңар. Компоненттерди өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар болсо, муну колдош керек. V-чакырылышта депутат болуп турганда биолаборатория куруу боюнча гранттык, насыялык макулдашуу долбоору келген. Депутаттардын көбү популизмге алдырып, маселени көтөрүп чыккан депутатка симпатия начар болгону үчүн эле колдобой коюп, ал курулбай калды. Бүгүн кандай керек болгону көзүбүздөн учуп жатпайбы”, - деди депутат.

 


Зулпукаров жогорудагы макулдашуу мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү экенин, баш тартып коюу мамлекетке, элге каршы жасалган иш экенин билдирди.

 


Мамлекет коронавирус менен эле башыбызды жерге салып, биротоло ошону менен кетишибиз керекпи? Андай эмес. Келечекке үмүт, максат менен карайлы. Туризм өнүгөт, экономика өсөт. Келип жаткан акчалар эл үчүн пайдалуу. Элдин алдына чыгарып көргүлөчү, “ушундай мүмүкүнчүлүк менен жардам берем деп жатса, 400 миллион сомго жакын акча бюджетке түшпөй жатса, 30 миллион доллар жардамдан эмнеге баш тарттыңар?” десе эмне деп жооп бересиңер? Компаненттер өзгөртүлсө муну колдобой коюу элге, мамлекетке каршы иш жасоо болуп калат”, - деп айтты. 

 


Экономика министри Санжар Муканбетов ар бир компоненттер тууралуу министрликтер өз ишин жасаганын, өзгөртүү жасоого боло турганын жооп кылды. 

 


Депутат Акылбек Жапаров приоритеттик жагдайларды караганда туризмден башка айлабыз жок экенин белгиледи. Акылбек Жапаров 30 миллион долларлык насыяны такай акча түшүп туруусу үчүн фонд түзүп коюу зарылдыгын айтты.

 

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жыргал
Торобай Закирович Аллах сизден ыраазы болтун
Майрам
Төрө Закирович дайыма иштин көзүн билет туура айтат бут тосмойдон жеке кызыкчылыгы үчүн же элге жок же өзүнүн жазган мыйзамы жок акмактар кудай жазаласын силерди.