Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төрөбай Зулпукаров дагы 2 айга камалды

27.07.2021 14:23
975
Төрөбай Зулпукаров дагы 2 айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.


Биринчи май райондук сотунун 27-июлдагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Зулпукаровго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 30-сентябрга чейин узартылды.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.


УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн