Жогорку Кеңештин депутаты, учурда УКМКнын тергөө абагында убактылуу кармалып отурган Төрөбай Зулпукаров кыргызстандыктарды өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.
31-август кыргыз мамлекети үчүн маанилүү күн. Бул күнү элибиз көптөн күткөн өз мүдөөсүнө, максатына жеткен.
Кадыры бийик кыргыз эли бүгүн ата-бабалардын аманатын туу тутуп, биримдик, эрктүүлүк, кеменгерлик менен өз алдынча өлкө катары өнүгүү жана эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө жолунда келе жатат.
Ошондой эле эгемен мамлекет катары дүйнө өлкөлөрү менен болгон ынтымагын, достук мамилесин чыңоодо.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Эгемен мамлекеттин эркин жараны катары бакубат турмушта берекелүү өмүр сүрүңүздөр. Үй-бүлө бул мамлекеттин пайдубалы. Андыктан ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдү тынчтык, токчулук, ырыскы уяласын.
Сиздерди терең урматтоо менен Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров", - деп жазылган куттуктоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн