Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төрөбай Зулпукаров "Ноокаттын балык кармай турган" жолу боюнча билдирүү таратты

19.04.2021 08:43
1122
Төрөбай Зулпукаров "Ноокаттын балык кармай турган" жолу боюнча билдирүү таратты

«Ноокаттын жыртык жолдору» акциясы коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Көпчүлүк интернет колдонуучулар Ноокаттан чыккан депутат, ишкерлердин атын атап, жолдун абалына көңүл бурбаганына наалат айтты.


Мындан улам ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров өздүк баракчасына аталган жолду оңдоо 2016-жылы эле чечилип, акчасы да каралганын жазды.


«Ош -Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымын) куруу боюнча акча каражаты чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн.


Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.


Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында өкмөткө тендер 2020-жылдын октябрь айында өтүп, иш башталат деген жообун эске салып, эмнеге кечигип жатканы сурадым. Пандемияга байланыштуу 2019-жылы баштала турган жумуш 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги жооп берген», - деп жазылган билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн