Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Төрөбай Зулпукаровдун иниси Москва шаарындагы 1500 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

18.05.2020 00:27
899
Төрөбай Зулпукаровдун иниси Москва шаарындагы 1500 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты


Жогорку Кеңештин депутаты  Зулпукаров Төрөбай Закировичтин бир тууган иниси Шавкат Закиров Москва шаарындагы 1 500 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыктарды таратып берди. Бул тууралуу Россиянын борбор калаасында убактылуу жумушсуз калган мигаранттар кабарлады.  Алар Шавкат Закировичке ыраазычылыгын билдирип, кыйын учурда кол сунган ишкерге ийгилик каалады.


Депутат Т.Зулпукаров өзү да муну тастыктап, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу аз да болсо мигранттарга колдоо болгонун кабарлаган. “Россияда ишкерлик менен алектенген иним эки айга жакын убакыттан бери үйүндө отурган кыргызстандыктарга аз болсо да колдоо көрсөттү. Кыйналып турган мигрант мекендештерге жардам колун сунган Шавкат Закировичтин Аллах ден соолугун бекем, өмүрүн узун кылган болсун. Биз дайыма биргебиз”, - деп жазган эл өкүлү өз баракчасына. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн