Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төрөгүң келсе, эки донор тап

15.06.2020 11:47
1089
Төрөгүң келсе, эки донор тап


Түркмөнстандын борбору Ашхабаддын ооруканаларында кош бойлуу аялдарды каттоого алуу учурунда кан тапшыруу үчүн эки донор табууга мажбурлашууда, деп маалымдады “Хроники Туркменистана” басылмасы. Донорлордун ар бири 400 граммдан кан тапшыруулары керек.


Врачтардын айтымында, төрөт маалында кан көп жоготкон учурлар болгондуктан, кан куюуга туура келет.


Түркмөнстанда Конституциянын 52-беренесине ылайык, өлкө жарандары мамлекеттик медицина мекемелеринде акысыз тейленүүлөрү керек. Арийне, акысыз жардам көрсөтүү чечимин ар бир оорукананын башкы врачы өзү кабыл алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн