Төрөтканага кабыл албай койгон кош бойлуу келиндин ымыркайы өлүк төрөлдү. Бул тууралуу 14-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
"А.Э деген 1982-жылы туулган жаран азыркы күндө медициналык борбордо жатат. Тилеке каршы ымыркайы төрөлгөндө тирүү эмес экен. Жарандын абалы жакшы эле. Анын буга чейин үч баласы бар экен, бул төртүнчү ымыркайы болмок. Ал эми эмне себептен кабыл албай койгону тууралуу, эмнеден улам мындай болду аныкталып жатат", - деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн