Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Төрт-Гүлгө суу бөлүштүргөн “головной” Тажикстанга өткөн эмес. Улукбек Марипов калп айтканбы?

04.02.2021 16:45
2698
Төрт-Гүлгө суу бөлүштүргөн “головной” Тажикстанга өткөн эмес. Улукбек Марипов калп айтканбы?

Баткендик активист Мирлан Садыкжан уулу Төрт-Гүл суу сактагычына суу бөлүнгөн аймакка барып, ал жердеги “головной” Тажикстанга өтпөгөнүн, 3-февралда премьер-министр туура эмес айтканын билдирди. Жеринде Фейсбук аркылуу түз эфирге чыккан активист аймакты кыргыз аскерлери кайтарып жатканын маалымдаган.


Кечээ премьер-министр айткан Төрт-Гүл суу сактагычына суу кеткен “головной” деген жерге келдик. Премьер-министр айткан сөз жалган. Өзүңүздөр көргөндөй суу бөлүнгөн жерди биздин жоокерлер кайтарып жатат. Ал эми Тажикстанга суу кеткен жагын тажиктердин аскерлери кайтарып жатат. Негизги жерде биздин солдаттар тартпа дегинен алыстан тартууга туура келип жатат”, - дейт ал.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нургазы
Менин пикирим торт гул суу сактагычы биздин баткен областына ото керектуу, егер тажик туугандар на отуп кетсе баткен куруйт баткен жок болуп кетет