Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Тору-Айгырда 50 мегаватт кубаттуулуктагы күн станциясы курулат

04.07.2023 13:00
725
Тору-Айгырда 50 мегаватт кубаттуулуктагы күн станциясы курулат


Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев кубаттуулугу 50 мегаватт болгон «Күн булагы» күн электр станциясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 миллион доллардан ашат. Долбоорду «Күн Булагы» ЖЧКсы казакстандык TGS-Energy Limited компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.


«Долбоор Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия тармагында биринчилерден болуп саналат. Аны ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет. Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган. Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ишкана инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта айыл чарбадагы жоготууларды жана алынбай калган пайданы төлөп, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин компания жабдууларды алып келип, объектинин курулушун баштайт», - деп билдирди Улуттук инвестиция агенттиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн