Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Той кызматындагылар кымбатчылыкта кандай күн көрүүдө? Ырчы, тамадалар жооп берет

04.03.2021 15:31
1563
Той кызматындагылар кымбатчылыкта кандай күн көрүүдө? Ырчы, тамадалар жооп берет


Кыргызстанда азык-түлүк, кийим-кече, курулуш материалдары, күйүүчү май жана башка күнүмдүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлардын баасы күн санап өсүп жатат. Расмий маалыматтар боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу үстүнө кошулган баа 20%га чейин жетти.


Эт жана азык-түлүктүн түрлөрүнө болгон баалардын кымбаттоосу албетте, кафе-ресторандардагы тамак-аш жана тейлөө кызматтарынын баасын да жогорулатты. Мындай шартта карапайым жарандар арасында той өткөргөндөр азайдыбы, андай болсо тамада, ырчылардын жашоосуна кандай таасир этип жатат болду экен? “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги айрым ырчы, тамадаларга суроо салып көрдү.


Жылдызбек Турсунбаев тамада, шоумен:

- Баалардын кымбаттоосун сезип эле жатабыз. Азыр чынын айтканда той өткөргөндөр азайды. Буга чейин бир жумада үч тойду алып барсак, азыр болсо бир жумада бир тойго чыксак чыгабыз, чыкпасак жок. Эми курсак тойбосо адамдар той өткөрмөк беле дегендей да. Өлкөдө тынчтык болсо, туруктуулук болсо, арзанчылык болсо той да болот. Учурдагы олку-солку абал турукташмайын кыйын эле болот окшойт.

Съездбек Искеналиев, ырчы, кино актёр:

- Учурда соодалашуу катуу жүрүп жатат. Абал ушундай болуп жаткандыктан биз деле кардардын чөнтөгүнө, суранычына карап иш кылып атабыз, шарттуу баалар менен ырдап берип кетебиз. Тойлорго буйрутмалар чынында азайып кетти. Жазында негизиги эле тойлор азаят. Майрамдардын алдында буйрутмалар болуп калат. Шүгүр, такыр жок эмес. Алдын ала пландап койгон иш-чараларга чакыруулар бар. Бирок баары бир жылдагыдай эмес. Бизден дагы аз айлык менен жашагандарга кыйын болуп атат. Канткен менен биз элге жакын болобуз да, өз көзүбүз менен көрүп жатабыз кыйналгандар өтө көп. Билбейм эми мындан ары кандай болот? Чындыгында жашоо оор болуп атат.


Асель Турдалиева, ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти:

- Мен азык-түлүк алганда эч качан бааларын сурап алчу эмесмин. Азыр деле сурабастан дүңүнөн алып кетем. Бирок жыйынтык суммадан баалар аябай эле жогорулап кеткени кадимкидей байкалат. Баарыбызга кыйын болуп атат. Азыр тойлор азайды. Керек болсо той өткөргөндөр ырчылар менен базарда жүргөндөй эле сатуулашат. Арзан бааны сунушташат же бекер ырдап берүүнү суранышат. Мындай деле кийим, тамак-аш сурагандар, кайрымдуулук кылууну өтүнгөндөр көбөйдү. Мен го мамлекеттик жумушта иштеп, айлык акы алып, билинбей кетет. Сөздүн ачыгы - айлыктын баркын эми билип жатам. А эч жерде иштебеген артисттерге кыйын эле азыр.


Эрнест Бөрүбаев, тамада:

- Той мурдагыдан аз, бирок кымбатчылыктан эмес пандемиядан улам азайды деп ойлойм. Азыр деле той өтүп жатат. Тойду ким өткөрөт, албетте, акчасы бар адам өткөрөт. Кымбатчылык байларга эмес, карапайым элге билинип жатат. Азыр деле тойго буйрутмалар көп эле, бир жумада эки жолу алып барабыз. Бирок чалуулар азайды. Ал эми кымбатчылыкты жеке мен өзүм билген жокмун. Базарга азык-түлүк алууга аялым барып турат. Баары эки эсе кымбаттаптыр деп аялым айтып келип калат.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн