Түркиянын Антальясында жайгашкан ресторандардын биринин бакчасында той өтүп жаткан.
Капыстан шамал болуп, эски дарак кулап кетип бир кишини басып калган. Окуядан 9 киши жаракат алган. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.
Окуя болгон жерге куткаруучулар келген, бирок бир киши ага чейин жан берген. Ал эми 9 киши ооруканага жаткырылган.
Кулап калган дарактын узундугу 15 метр болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн