Тойго барганда алтын алып баргыла десем адамдар мени урушуп жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, ал өзүнүн гана пикирин билдирген.
"Мен алтын тууралуу айткан пикиримди окугандар адамдар мени урушуп жатышат.
Мен аны жөн гана пикир катары айткам. Ким кааласа алтын алып барсын, кааласа тай, торпок алып барсын.
Болгону алтын алып барса алтындын баасы түшүп кетпей сакталып турат. Керек маалда үй-бүлө өзүнүн муктаждыгына иштетет",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн