Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Тойгонбай Абдыкаров: “Кызматтан өз каалоом менен эле арыз жазып кеттим”

13.09.2024 11:12
390
Тойгонбай Абдыкаров: “Кызматтан өз каалоом менен эле арыз жазып кеттим”


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору менен маек.


- Тойгонбай ажы, сиздин кызматтан кетүүңүз боюнча коомчулукта ар кандай кептер тарап атат. Бири “арты таза эмес” десе, дагы бири “акча жептир” дешүүдө. Чын-төгүнүн оозуңуздан уксак?..


- Сурат байке, чынын айтсам, андай жагымсыз кептерди, өзүм тууралуу жаман пикирлерди уга элекмин. “Эл оозунда элек жок” эмеспи, айтса айтып аткан чыгар. Соцтармактарда кайсы бир жалданган фейктер оозуна келгенди оттой беришет эмеспи. Аларга көңүл деле бурбайм. Менин таза же таза эмес экениме Алла Таала тараза. Андан сырткары, акча жегидей ал жер бажы эмес да, болгону айлык. Мен өз каалоом менен эле арыз жазып, президент Садыр Нургожоевич кол койгондон кийин кызматтан кеттим. Негизи былтыр эле арыз жазгам. Анткен менен мен 5 жыл аралыгында жүктөлгөн иштерди таза ниетте иштедим. Кызматымды жандилимден аткарып, Кыргызстан боюнча мечиттердин каттала электерин тыкыр текшерип, болушунча ыраатка салганга үлгүрдүк.  


- Азыр эмне иш менен алексиз?


- Айылда жүрөм. Ушул жума ичинде Бишкеке барам. Сиз билесиз, Чубак ажы боюнча китеп жазып жатпадым беле, 90 пайыздайы бүткөн. Акыркы штрихтери калды. Ошого ордо калаага барарым менен батыл киришип, аягына чыгуу оюм бар. Андан сырткары, ден соолугума кам көрүп, бир сыйра профилактикадан өтүп, саламаттыкты чыңдайын деп атам.


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн