Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тойкана, клубдардын ишине тыюу салынды: Чүйдө бир катар чектөөлөр киргизилди

03.07.2020 13:34
1309
Тойкана, клубдардын ишине тыюу салынды: Чүйдө бир катар чектөөлөр киргизилди


Чүй облусунун райондору жана шаарларынан Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган  транспорттор иш күндөрү эртең менен жана кечинде  жүрүшөт. Ишемби жана жекшемби күнү токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева 3-июлдагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, коомдук жайлардын иштөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. 


- Базарлар саат 06:00дөн  саат 15:00гө чейин иштеп, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жабык болот. 


- Соода–сатык пункттары  саат 07:00дөн кечки 19:00гө  чейин иштешет. 


- Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08:00дөн кечки 21:00гө  чейин иштешет. 


- Тойкана, караоке-клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн