Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тойлор өткөрүлбөйт, мечиттерде жума намазы окулбайт. Ошто бир канча чектөөлөр киргизилди

03.07.2020 18:56
1270
Тойлор өткөрүлбөйт, мечиттерде жума намазы окулбайт. Ошто бир канча чектөөлөр киргизилди

Ош шаарында акыркы кырдаалга байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


- Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек”, “Тешик-Таш” жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт. Апта ичинде эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү шарт.


10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды.


- Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.


- Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Тыюу салынышына карабай той-мааракелерди өткөргөн кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөшү керек. 


Талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн