Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Трагикомедия: Кыргызстан тамашалуу өлкөгө айландыбы?

10.02.2021 12:42
757
Трагикомедия: Кыргызстан тамашалуу өлкөгө айландыбы?

Өз өлкөбүзгө өзүбүз көр казып жатып деле тамашалай бере турган коомду түзүп алдык. Ыйлай турган, намыстана турган жерде аябай шайыр-шатман болуп кетебиз. Ал эми күлө турган жерде намыстанып калабыз. Колуна кетмен-күрөк алып, иш жасайын деген эч ким жок. Баарыбыздын колубузда бирден-экиден смартфон. Ошол смартфон менен чөп оробуз, тоо томкоробуз, акыл айтабыз, шылдыңдайбыз, мактанабыз. Тамакты да жөн ичпей адегенде анын фонунда сүрөткө түшүп алабыз. Ошондой тамакты көптөн бери жей электер бар экенин ойлоп да койбойбуз.


Акыркы убактарда мамлекеттик жогорку кызматтарга бир нече күн, же бир нече саатка дайындалып, кайра кызматтан алынгандар болду. Бири президенттин кеңешчиси болсо, экинчиси борбор калаанын мэри болду. Биринчиси бир нече күн иштесе, экинчиси кызматка дайындалгандан кийин журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөнгө гана араң жетишти. Кыязы, кабинетиндеги креслого деле түзүктөп отура албай калды окшойт. Бул көрүнүш социалдык түйүндөрдө кыска-нуска юморлордун пайда болушуна шарт түздү. «СекундоМэр», «Скорострел» деген каймана аттар жармашты. «Мен уктай берейин, силер түнү менен жаңы мэрди шайлай бергиле ээ?» деп бири жазса, экинчиси «Жаңы мэрди мен жокто шайлап коюшпасын деп уктабай отурам» деп жазды. Дагы бири «Самара Каримованы дагы бир жолу сунуштап көрөйүн» деди. Албетте, мыйыгыңдан жылмайтат. Бирок, бул көрүнүш күлө турган жагдайбы? Мамлекеттик маанилүү кызматтардын оюнчукка айланып калганы эмеспи? Биз өзүбүздү өзүбүз тамашалап, алтургай шылдыңдап отурганыбызга баам салып турган дүйнө коомчулугу «Булар мамлекетин талкалоо жолунда баратат» деп баа берип турушканын эмнеге көңүлгө албайбыз?


Эмне үчүн базарчысы деле, ишкери деле, багбаны деле, бандити деле чиновник болгусу келип калды? Базарчы базарда соода кылса, ишкер ишкерлигин жасаса, багбан багын караса, бандит каракчылык оор күнөө экенин билип, оңолуу жолуна түшсө болбойбу? Азыркыдай кадрдык саясатты юморго айлантпай, тескерисинче олуттуу ой-пикирлерди жазып, ошол кадрдык саясатты жүргүзүп жаткандарды уяткарсак кандай болмок?


Кадр тандоону «Менин партиямда жүрдү эле, шайлоодо мага иштеп берди эле» деген критерий менен тандап, жөн эле «илбирс секирик» жасаттыра бербей, кадимкидей майда тепкичтерден өйдө көтөрүлгөн тажрыйба аркылуу тандасак эмне болмок? Акыркы он чакты жылдан бери карай мамлекеттик катардагы кызматкер болуп бир күн да иштебегендер дароо эле министр, депутат, директор сыяктуу кызматтарга барышы адатка айланды. Анан кантип ошолор жемиштүү иштеп берет? Өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлери билген нерсени билбей тургандар кандай жол көрсөтүшү мүмкүн?


Анан дагы чиновниктерди жарым жыл, бир жыл иштетип эле алмаштыра бергенден эч кандай иш алдыга жылбасын түшүндүк. Жалтаңдабаган татыктуу кадрларды бир жолу тандап, анан аны болушунча камчылап иштетсе эмнеге болбойт? Жарым жыл, бир жыл же эки сааттык чиновниктер мамлекетке эч кандай иш жасай албайт. Болгону алардын резюмесин эле кооздоп берген болобуз.


Мамлекетибиз тамашалай турган жагдайда эмес. Экономикабыз нөлдө, пандемия кетелек. Өлкөнүн эртеңинен үмүтүн үзүп койгондор көп. Жардын кырындабыз. Бул өтө коркунучтуу абал. Андыктан баарыбыз эле пост жазуу менен алектенбей, колубуздан келген ишти жасоо менен өлкөбүздү сактап калуунун амалын кылалы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн