Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Трамп АКШда тополоңду токтотуу үчүн куралдуу армияны колдоноорун айтты

03.06.2020 08:58
1047
Трамп АКШда тополоңду токтотуу үчүн куралдуу армияны колдоноорун айтты


АКШнын бир катар штаттарында Жорж Флойддун өлүмү боюнча нааразычылык толкуну дагы деле күчүндө турат.  Буга байланыштуу президенти Дональд Трамп башаламандыкты токтотуу үчүн армияны колдонуу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


"Башаламандыкты жана мародерчулукту токтотуу үчүн баардык ресурстарды мобилизациялайбыз", - деди президент Трамп.


Тополоңду басуу үчүн Трамп оор куралданган аскерлерди жана полицияны жөнөтө турганын айтты. Миннесотанын губернатору Том Уолл болсо экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу Улуттук гвардияны толук мобилизациялоо боюнча буйрук чыгарды. Ушундай эле чаралар Лос-Анджелесте колдонулду.


Белгилей кетсек, бир нече шаарда каршылык жүрүштөрүнүн аягы талкалоо, мародерчулук менен коштолду. Каршылык жүрүшүнө чыккандар дүкөндөрдү жана полиция атвоунааларын талкалап, күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытышкан.


Нью-Йоркто кеминде 20дай полициянын кызматтык автоунаасы өрттөлүп, ондогон киши кармалды. Бир катар штаттарда полиция көздөн жаш агызчу газ жана желим ок колдонду. Өлкө боюнча 1300 киши кармалганы кабарланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн