Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Трамп Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине карата санкцияларды мыйзамдаштырды

12.06.2020 18:58
866
Трамп Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине карата санкцияларды мыйзамдаштырды


Америка Кошмо Штаттарынын Мамлкеттик катчысы Майк Помпео америкалык бир дагы аскер эл аралык соттун алдында жооп бербейт деп билдирди.


Ал эми Трамптын жарлыгында Эл аралык кылмыш сотунун учурдагы аракеттери АКШнын жана анын союздаштарынын суверенитеттерине коркунуч туудурат, ошондуктан ЭКСтин статусун тааныбайт деп айтылат.


Трамп АКШнын финансы министри Стивен Мнучин менен мамлекеттик катчы Майк Помпеого жаңы жарлыктын жоболорун өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн колдонууга тапшырма берди. Асыресе ал жоболордо Эл аралык сот кызматкерлеринин АКШнын аймагындагы активдерин тоңдуруу жана алардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салуу каралган.


Кошумчаласак, 1998-жылы кабыл алынган Рим статунун негизинде түзүлгөн Эл аралык кылмыш соту 2002-жылдын 1-июлунан бери расмий иш жүргүзуп келет. Ал БУУнун бөлүмү эмес, көз карандысыз эл аралык уюм болуп эсептелет. Дүйнөнүн 123 өлкөсү тарабынан таанылган Эл аралык кылмыш сотунун башкы кеңсеси Гаагада (Нидерланды) жайгашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн