Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Трамп: Кытай бийлиги коронавирус боюнча өз милдеттерин таптакыр аткарбай жатат

31.05.2020 10:12
1110
Трамп: Кытай бийлиги коронавирус боюнча өз милдеттерин таптакыр аткарбай жатат


Дональд Трамп АКШ Дүйнөлүк саламаттык уюмун каржылоону токтотуп жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

АКШ президентинин ою боюнча, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы натыйжалуу күрөшө албай койду. Бул уюм толугу бойдон Кытайдын көзөмөлүндө болуп жатат.

Кытай бийлиги өз милдеттерин таптакыр аткарбай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жаңы коронавирус канчалык кооптуу экени жөнүндө туура маалымат берген жок, ал эми уюм ошол маалыматтарга ишенип алган”, -  деген пикирин билдирди Трамп.

Ошону менен катар Трамп АКШнын ДСУнун бюджетине салымы 450 миллион доллар болсо, Кытайдыкы болжол менен 40 миллион доллар экенин эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн