Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Трамп Орусия Ооганстандан америкалык аскердик техникаларды алып кеткенин билдирди

10.10.2021 11:15
1079
Трамп Орусия Ооганстандан америкалык аскердик техникаларды алып кеткенин билдирди


Россия менен Кытай буга чейин АКШ Ооганстанда таштап кеткен тик учактарды демонтаждап, изилдеп жатышат, деп билдирди АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Айова штатындагы тарапкерлеринин митингинде сүйлөп жатып.


"Россия менен Кытайда биздин вертолеттордун үлгүлөрү мурунтан эле бар. Алар "Апачилерди" демонтаждап, изилдеп жатышат, жакында алар эң жакшы жабдууларды чогултушат", - деп божомолдоду Трамп.


Экс-президенттин айтымында, америкалык аскерлер Ооганстандан чыкканда "бир нече эски тик учактарды сындырышкан, бирок жаңыларын эмес".


"Эми алар биздин душмандарыбызда", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн