АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп эсептелген Джо Байденге бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого буйрук берди. Бул тууралуу ал твиттертеги баракчасы аркылуу билдирди.
Трамп АКШнын Администрациясынын Жалпы иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Эмили Мерфиге жана анын администрациясына кайрылып, ыйгарым укуктарды кийинки администрацияга өткөрүп берүүгө байланыштуу алгачкы процедураларга байланыштуу аракеттерди көрүүгө чакырды. Трамп бийликти демократ Байденге өткөрүп берүү жараянын баштоого буйрук берди.
"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн, Эмилиге жана анын командасына баштапкы протоколдорго ылайык, керектүү аракеттерди жасоону сунуш кылам. Мен дагы өз командама ушундай кылууну сунуш кылдым" - деди Трамп.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн