Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Трамп дүйнө лидерлерине кандай мамиле жасай тургандыгын Болтон жакшы билет

20.06.2020 16:17
913
Трамп дүйнө лидерлерине кандай мамиле жасай тургандыгын Болтон жакшы билет


АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк лидерлерге ар кандай мамиле жасай тургандыгы тууралуу америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча отставкага кеткен мурдагы кеңешчиси Джон Болтон өз мемуарында жазгандыгын британиялык The Guardian гезити маалымдады.


Болтондун китепте айтылган баамында “Трамп британиялык премьер Борис Джонсон менен япон премьери Синдзо Абэни өзүнө жакын болгондуктан, дүйнөлүк лидерлердин катарына кошот”, - деп жазат басылма. Ошол эле учурда Трамп француз президенти Эммануэль Макронду кыртышы сүйө бербейт.


Трамптын администрациясы өтүп бараткан аптанын шаршембисинде Болтондун сөз кылып жаткан “Бул окуя болгон бөлмө: Ак үй мемуары” китебин жарыялоого тыюу салдыруу үчүн шашылыш өтүнүч менен сотко кайрылды.


Анткени, Ак үй мемуарда мамлекеттик купуя сырлар бар деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн