Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Трамп колдоочуларын айыптап, Байдендин жеңишин тааныды

08.01.2021 17:29
681
Трамп колдоочуларын айыптап, Байдендин жеңишин тааныды


АКШ президенти Дональд Трамп депутаттар олтурган имараттарды басып алган колдоочуларын кескин айыптады. “Азаттык” маалымдагандай, Трамп Капитолийге бастырып кирген колдоочуларын кескин айыптаган жана шайлоонун жыйынтыгын таанып, Жо Байденге бийликти тынч, маселесиз, өз мөөнөтүндө өткөрүп берүүгө көнгөн.


Мен сөзүмдү Кошмо Штаттарындагы Капитолийге жасалган жийиркеничтүү чабуулдан баштагым келет. Бардык америкалыктардай эле зордук-зомбулук, мыйзамсыздык жана башаламандыкка менин дагы ачуум келди. Мен имараттагы коопсуздукту камсыз кылып, андан кара ниеттерди кууп чыгуу үчүн дароо Улуттук гвардия менен федералдык күч органдарын тарттым. Америка эли ар дайым мыйзам менен тартипти сактап келген жана сактай берет. Капитолийге бастырып кирген демонстранттар америкалык демократиянын борборуна шек келтиришти”, - деген ал өз кайрылуусунда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн