Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Трамп коронавирус үчүн Кытайды күнөөлөгөнүн токтоткон жок

01.05.2020 16:54
971
Трамп коронавирус үчүн Кытайды күнөөлөгөнүн токтоткон жок


АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы вирусологиялык лабораторияда иштелип чыкканын далилдерди көргөнүн билдирди.


Ал 30-апрелде брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын чоо-жайы тууралуу айтуудан баш тартты.

Трамп "Кытай бийлиги вирустун жайылышын токтото албай калышы ыктымал, же болбосо андай кылуунун кереги деле жок деп чечкен болушу мүмкүн" экенин айтты.

Мунун алдында АКШнын Чалгын кызматы вирустун тарашы дале иликтенип жатканын, бирок чалгынчылар коому бир катар окумуштуулардын "COVID-19 адамдын колунан чыккан эмес, же генетикалык жактан модификацияланбаган деген пикирлерине ортоктош экенин билдирген.

Бээжин вирус атайын даярдалганы тууралуу жоромолдорду такай четке кагат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн