Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Трамп коронавирустун жайылуусун иликтөөгө ДССУга 30 күндүк мөөнөт берди

19.05.2020 18:56
729
Трамп коронавирустун жайылуусун иликтөөгө ДССУга 30 күндүк мөөнөт берди


АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 30 күн ичинде жумушун жакшыртууга милдеттенме албаса, каржылоону токтотууга ниеттенип жатканын билдирди.


Ал эгер ДССУ аталган талаптарды аткарбаса Кошмо Штаттардын уюмга мүчөлүгүн кайра карап чыгууга жана каржылоону убактылуу эмес, биротоло токтотууга даяр экенин “Твиттердеги” баракчасына жарыялаган.


Анын айтымында, ДССУнун алдындагы жалгыз жол – Кытайдан көз карандысыз экенин далилдөө. Буга чейин Трамп уюмду кытай “оюнчугу” деп атаган.

Вашингтондун пикиринде, Бээжин эпидемиянын чыныгы масштабын жана жайылуу ылдамдыгын жашырган. ДССУ жетекчилиги Бээжинден келген маалыматтардын чын-төгүнүн иликтебей, вирустун канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин баалай алган эмес. Жыйынтыгында коронавирус инфекциясы дүйнө жүзүндө миңдеген адамдын өмүрүн алгандан кийин гана пандемия деп жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн