АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте пландалган жолугушуусун токтотконун билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте өтө турган жолугушуусун токтотконун, саммит күтүлгөн натыйжаларды бербейт деген ойдо калганын билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.
"Биз президент Путин менен жолугушууну жокко чыгардык. Бул пайдасыздай сезилди. Мага керектүү максатка жете албайбыз деп көрүндү", — деди Трамп журналисттерге.
Америкалык лидер келечекте россиялык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын жана Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн мындан ары дагы аракеткыла берерин белгиледи.
Буга чейин Владимир Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда тараптар Украинадагы кырдаалды талкуулашкан. Ошондо америкалык президент Будапештте россиялык лидер менен жолугуу ниети бар экенин билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммитти уюштуруу оңой болбой турганын, бирок Москва жумушчу диалогго даяр экенин белгилеген.
Кийинчерээк Трамптын администрациясынын өкүлү РИА Новостиге Путин менен жакынкы арада жолугушуу пландалбай турганын кабарлаган. Трамп өзү ошол учурда саммит боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин тактап, эки күндүн ичинде толук маалымат берүүнү убада кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн