Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Трамп президенттик шайлоодо эмне үчүн жеңилип калышы мүмкүн экендигин билет

19.06.2020 16:42
1008
Трамп президенттик шайлоодо эмне үчүн жеңилип калышы мүмкүн экендигин билет


АКШнын Президенти Дональд Трамп алдыдагы президенттик шайлоодо жеңилишке дуушар кылуучу себепти атады. Демократиялык партиянын жактоочулары колдоп жаткан почта боюнча добуш берүү болсо, ал жеңишти атаандашына алдырып коюшу мүмкүн экендигин The Washington Times гезитине берген интервьюсунда билдирди.



Трамптын айтымында, демократтар айрым, негизинен республикачылар күчтүү региондорго добуш берүү бюллетендерин жибербей коюшат. Мындай ыкма менен добуш берүү мыйзам бузууларга алып келет.


Трамп ошондой эле АКШнын мурдагы вице-президенти Джозеф Байденди чабал саясий атаандаш деп эсептээрин кошумчалады.


АКШда президенттик шайлоолор 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн