Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 21:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Транспорт каражаттарын каттоодон мамлекеттик бюджетке 3,3 млрд түшкөн

29.09.2025 10:31
126
Транспорт каражаттарын каттоодон мамлекеттик бюджетке 3,3 млрд түшкөн


Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине унааларды каттоодон 3,3 миллиард сом түшкөнүн Финансы министрлиги билдирди.


2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 2,5 эсеге өскөн.


Кирешенин көбөйүшү чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясына байланыштуу болгон.


Ички иштер министрлиги буга чейин 22-сентябрга карата 13 миң унаанын ээси легалдаштыруу процедурасынан өткөнүн билдирген. Белгилей кетсек, легалдаштыруунун баасы унаанын түрүнө жараша болот.


"Мисалы, оң рулдуу унаалар үчүн төлөм 50 миң сомду түзөт. Ал эми сол рулдуу унаалар кайра каттоодон өткөн өлкөсүнө, тактап айтканда Орусияга ташылып, кайра каттоодон чыгарылып, кайра Кыргызстанга алып келиниши керек. Бул учурда төлөм болжол менен 13 миң сомду түзөт", - деп түшүндүрүштү Экономика жана коммерция министрлигинен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн