Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Транспорт министри Тилек Текебаевдин кызматка киришкенине бир жыл. Аткарылган иштердин тизмеси

07.10.2023 19:31
519
Транспорт министри Тилек Текебаевдин кызматка киришкенине бир жыл. Аткарылган иштердин тизмеси


Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин кызматына киришкенине бир жыл толуп, ушул аралыкта министрлик тарабынан жасалган иштердин отчету берилди. 


“Албетте министрлик аткарган иштердин баары президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашууда”, - деп билдиришти ведомстводон.


Бир жылдын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:


✓ Сосновка жана Кара-Көл постторуна видеобайкоо камералары орнотулду. Натыйжада төлөм чогултуунун көлөмү өстү.


✓ Жолдорду курууга жана кармоого өзгөчө басым жасалып, бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.


2023-жылы аткарылып жаткан чоң долбоорлор: 


Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолу


Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду,


Ош-Баткен-Раззаков


Түндүк-Түштүк, 


Маданият-Жалал-Абад 


Нарын шаарынын 44 көчөсүн асфальттоо жб...


Жалпылап айтканда, былтыр 382,5 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйыл 393 чакырымдан ашык жолго асфальт жаткыруу пландалган.


✓ 2023-жылдын апрель айында ортомчусуз, ыңгайлуу баада орусиялык заводдон битум сатып алууга келишим түзүлдү. 


✓ Түркмөнстан аркылуу жүк ташуу үчүн порттук кызмат көрсөтүүлөр жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. 


✓ 18-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол коюлду. Учурда долбоор активдештирүү стадиясында.


✓ Биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 265 даана жол куруу техникасы сатып алынды. 


✓ Транспорттук көзөмөл күчөтүлүп,  өлкө казынасына түшкөн каражаттын көлөмү көбөйдү. Алсак, быйыл 9 айда бюджетке 45млн сомго чукул каражат чегерилди, бул 2022-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп.


✓ Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктады. Учурда бекемдөө иштери уланууда. 


✓ Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү.  


✓ Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди. 


✓ «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, жумуштар дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды. 


✓ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол белгилерин сапатына басым жасоо менен өзү чыгара баштады. 


✓ Жакынкы жол тейлөө ишканаларынын байланыштары, жолдордун абалы тууралуу маалыматтарды камтыган жол картасы ишке киргизилди. 


✓ Joldor.gov.kg картасында туристтер үчүн бардык кызыктуу жерлер, жакшы мейманканалар, күйүүчү майдын баасы белгиленген, ошондой эле өлкөнүн бардык ашууларында аба ырайын текшерүүгө болот.


✓ Министрликтин борбордук аппаратына 60 компьютер алынды. Техникалар акыркы он жылда алгачкы ирет жаңыланды. 


✓ Ведомствонун унаа токтотуучу жайы асфальтталды. 


✓ Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги биринчилерден болуп велосипед токтоочу жайды орнотуу боюнча эстафетасын баштады

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн