Өлкөдөгү автожолдордо, ашууларда жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек –Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр жок, күн ачык, каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел ашууларында күн бүркөк, Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларындагы жолдордо каттам бар, жол ачык.
Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдардын даярдыгына көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн