Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Транспорт министрлиги менен ӨКМ бири-бирине шылтап маселе чечпей жатат, - Депутат

06.05.2020 13:42
1020
Транспорт министрлиги менен ӨКМ бири-бирине шылтап маселе чечпей жатат, - Депутат

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Суу айылында суунун нугу бурулуп, калкка коркунуч туудуруп жатат, бул маселени 2 жылдан бери көтөрүп келем. Бирок маселе чечиле элек, деп билдирди депутат Талайбек Масабиров бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.


Анын айтымында, Транспорт министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бири-бирине шылтап жатат. Эгер кырдаал жөнгө салынбаса жол каттамына зыян туулат.


Ал эми төраганын орун басары Мирлан Бакиров табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн алгылыктуу иштер жасалышы керектигине токтолуп, комплекстүү чараларды көрмөйүнчө абал курчуй берерин кошумчалады.


Ошондой эле депутат Махабат Мавлянова селге каршы курулган курумдардын сапаты тууралуу сурап, “эмне үчүн сел жүргөн аймактарда мурда жүргүзүлгөн алдын-алуу иштери туруштук берген жок?” – деди.


Өкмөт өкүлү бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн