Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдорду курууга жана оңдоого 700 даана атайын техника сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Тилек Текебаев билдирди.
Министрдин айтымында, техниканын 265и өлкөгө жеткирилди, ал эми калган 435ин жакынкы убакта сатып алуу пландалууда.
“Техника лизингге алынат, баштапкы төлөм жалпы сумманын 30%ын түзөт. Калган 70%ын үч жыл бою квартал сайын төлөп туруу пландалууда", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн