Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Транспорт министрлигинин 3 кызматкери 10 миллион сом кымырып алган деп кармалды

28.05.2020 17:30
1056
Транспорт министрлигинин 3 кызматкери 10 миллион сом кымырып алган деп кармалды

 

Транспорт министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктунда жайгашкан автоматташтырылган системди өздөрүнүн пайдасына колдонуп жүргөнгө шектелип Ош-Бишкек автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери кармалган.


Ал эми автоматташтырылган системден өтүүдө айдоочуларга коюлган тариф белгиленген тартипте алынып турган. Бирок шектүүлөр унаага тиешелүү маалыматтарды өзгөртүү менен өздөрү үчүн акча ашыруу схемасын ишке ашырышкан.


Аталган өткөрмө пунктардагы маалыматтар Транспорт министрлигиндеги жетекчилерге келип турган. Бирок алар тараптан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейин мамлекетке 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген.


Учурда "коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, дирекциясынын үч оператору кармалган. Ал эми аткаминерлердин арасынан бул ишке катыштыгы барлар Каржы полициясы тарабынан такталып жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн