Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-январда саат 23:00 чамасында Мамлекеттик транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалган.
Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Ага карата тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн